• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды

Коом 0


Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жаран куткарылды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-май күнү саат 18:20 чамасында Байтик-Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдүн 9-кабатынан 1 аял өзүнүн жанын кыюуга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, аялды түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий