• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстандын чек арачыларынын огунан 3 кыргызстандык каза болду

Коом 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Өзбекстандын чек арачылары КР жарандарына курал колдонушуп, натыйжада 3 кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-майда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлигинин чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына курал колдонушкан. Натыйжада Кыргызстандын 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж., жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, эсине келбей, октон алган жаратынан улам каза болушкан.

Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү дароо Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөрүп, анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну 2022-жылдын 6-майында улантууну макулдашты.

Келип чыккан окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.

Пикир

Оставить комментарий