• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Өзбекстандын азыктары көргөзмөгө коюлат

Коом 0

Бишкек, 27.09.17 /Кабар/. Кожомкул атындагы спорт ордосунда 29-сентябрдан 1-октябрга чейин Ташкенттин өнөр-жай, маданий салт-санаа жана улуттук ашкана көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Көргөзмөгө Өзбекстандын шаарларынан 200 жакын өнөр-жай ишканаларынын өкүлдөрү, ошону менен бирге Ташкент шаарынан 100, Андижан, Наманган жана Ферганадан отуздан катышуучу келет.

Көргөзмөнүн катышуучулары – жумшак оюнчуктар, курулуш материалдары, косметика жана тазалоочу каражаттар, кондитердик буюмдар, идиш-аяк, бал жана эмектерди келген конокторго сунушташат.

Ошондой эле иш чаранын алкагында өзбек улуттук каада-салттары менен таанышып, улуттук тамактардын даамын татып көрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий