• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жакында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Коом 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов көчмөн жыйын өткөрүп, Токтоналиев жана Түштүк магистралдын кесилишинде курулуп жаткан жаңы парктык жайга барды.

Шаардык муниципалитеттин кабарлашкандай, бул жерде жакында жарандар үчүн жаңы эс алуу жайы пайда болот.

“Парктын аянты 17,36 гектарды түзөт. Бул жерде отургучтарды, таштандыларды таштоочу челектер, балдар үчүн чакан аянтчалар, воркаут-аянтчалар, тротуарлар жана жарыктандыруу объектилери орнотулат. Жайды куруу бир нече этапта өтөт. Куруу иштери, ыңгайлуу аба ырайга карап башталат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий