• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаш ишкерлер өз колдору менен жасаган буюмдарды сатышууда

Коом 0

Бишкек, 29.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте ар жекшембиде саат 12:00дөн кечки саат 16:00 чейин “Космопарк” оюн-зоок борборунда атайын балдар жарманкеси өткөрүлүүдө. Бул тууралуу КР атамекендик өндүрүүчүлөрдүн Ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев билдирди.

Аталган иш-чара жаш ишкер балдарды колдоо максатында өткөрүлүүдө.

“Жаш ишкерлер өз колдору менен жасаган буюмдарды сатууда. Алар бизнес кылууну үйрөнүп, биринчи кадам жасашууда. Балдарды колдоо үчүн келип кетиңиздер. Алар жакшылык кылууга жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө дилгир”,-деп билдирди Дегенбаев.

Пикир

Оставить комментарий