• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаш IT адистеринин катышуусунда хакатон өттү

Коом 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. 26-27-ноябрь күндөрү Бишкекте 300 жаш IT адистердин катышуусунда Let’s Go Digital – "Келгиле санариптешели" хакатону (форуму) өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара министрликтин колдоосу менен "Инфоком" мамлекеттик ишканасы жана Codify IT компаниясы тарабынан уюштурулган. Анын ачылышына санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова катышып, сөз сүйлөдү.

"Жаш IT адистери мамлекетибиз үчүн абдан маанилүү, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү зарыл жана Кыргызстандын санариптик өнүгүүсүнө салым кошууга даяр адистерди өстүрүү жаатында Санариптик өнүктүрүү министрлиги жигердүү иш алып барууда", -деди ал.

Хакатондун концепциясы "Санариптик технологиялар аркылуу мамлекет менен жарандардын жакындашуусу" мамлекет менен жарандардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү трансформациялоо үчүн технологиялык идеяларды генерациялоону жана ишке ашырууну камтыган.

Келип түшкөн 300гө жакын арыздын жыйынтыгы боюнча катышуучулар арасында 17 команда түзүлүп, алар 24 сааттын ичинде ар кандай көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүү боюнча кызматтарды иштеп чыгышкан.

Жалпы байге фонду 100 миң сомду түзүп, ал жеңүүчүлөр арасында төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун: DYIKAN.KG командасы - сугатты пландаштыруу кызматы (50 миң сом);

2-орун: Brigada v2.0 командасы - "Cанарип" телеграм боту аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана калктын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маалыматка жетүүнүн бирдиктүү пунктун түзүү кызматы (30 миң сом);

3-орун: "Konok" командасы - чет өлкөлүк жарандар үчүн мамлекеттик кызматтар жана маалымдама маалыматтарды айкалыштырылган платформа (20 миң сом).

Калыстар тобуна төмөнкү уюмдардын жана ишканалардын өкүлдөрү кирди:

1. Жогорку технологиялар паркы;

2. БУУнун өнүктүрүү программалары;

3. Кыргызстандагы KOICA;

4. "Инфоком" мамлекеттик ишканасы;

5. MegaCom.

"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаева белгилегендей, хакатон жаш IT адистердин аракетин жана идеяларын бириктирет, бул мамлекеттик сектор үчүн гана эмес, жеке компаниялар үчүн да ар кандай чечимдерди чыгарууга мүмкүндүк берет.

"Мамлекеттик орган тарабынан уюштурулган биринчи Хакатон мынчалык таланттуу жана чыгармачыл катышуучуларды чогултканына таң калдым. Бул биздин өлкөнүн масштабдуу санариптештирүү үчүн чексиз потенциалы бар экенин көрсөтүп турат",- деп Кененбаева.

Ошондой эле хакатондо IT чөйрөсүндөгү бош орундардын жарманкеси өтүп, ага мамлекеттик жана коммерциялык уюмдар катышты. Анда жумуш издөөчүлөр жана иш берүүчүлөр мүмкүн болгон бош орундарды жана ишке орноштурууну андан ары карап чыгуу үчүн профилдерди ачып, толтурушту.

Белгиленгендей, хакатон "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын 15 жылдыгына жана жумуш жана Lets Codify - www.letscodify.io. IT жана Санарип тармагында иш табуу боюнча жаңы кызматынын ишке киришинин урматына уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий