• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жазуучу Кабыл Макешовдун 60 жылдыгы белгиленди

Коом 0


Бишкек, 11.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектин А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын Башкы катчысы, жазуучу, журналист Кабыл Макешовдун 60 жылдык мааракесине арналган "Журналист - Кыргыз спортунун барометри" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чарага президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Тимурлан Ажымалиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, Кыргызстандын кыз-келиндер арасында күрөш боюнча курамасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков, дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова, ошондой эле жазуучу, маданият кызматкерлери жана Кабыл Макешовдун санаалаштары катышты.

Конференциянын алкагында Макешовдун "Кыргыз Республикасы Олимпиадалык оюндарда" аталышындагы китептин бет ачары болду.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев Макешовдун негизги үч өзгөчөлүгүнө токтолду.

“Биринчиси, эч кимден жардам күтүп отурбай, спортту сүйүүчү катары дүйнөдөгү 11 Олимпиада оюндарына өзүнүн каражаты менен барган. Бул жакка акчасы саман-топон болуп жаткандар дагы барбайт, каражатынын чыгым болушун каалабайт. Экинчиси, өзүнүн баяндамасы, тандап сүйлөгөн сөзү менен спортту мени, мага окшогон далай адамдарды сүйүп калууга өбөлгө түздү. Үчүнчүсү, китептин жазуу чеберчилиги. Китепти көркөмдөп, сүрөттөрү менен кошуп чыгарат”, - дейт Мусаев.

Белгилей кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө Макешов Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланды.

“Төш белгини мамлекеттик тилге, маданиятка жана тарыхыбызга салым кошкон инсандарыбызга беребиз. Сыйлыкты көбү сурайт, талашат. Ал эми Макешов сураган да эмес. Биз анын мамлекеттик тилди, спортту өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алып, сыйлыкты ыйгардык”, - деп айтат комиссиянын төрагасы.

Иш-чаранын күнөөкөрү Кабыл Макешов "Кыргыз Республикасы Олимпиадалык оюндарда" китебинин үстүнөн иштегенине бир жылдын жүзү болгонун маалымдады.

“Китепте кыргыз спортчуларынын кышкы жана жайкы Олимпиада оюндарына катышкандыгы тууралуу кеңири маалымат камтылган. 1960-жылы Сайботал Мурсалимовдун Римдеги Олимпиадага катышкандан берки оюндар камтылган. Жакынка Токиодо өткөн оюндар да жазылып, спортчулардын өмүр баяны кеңири берилген”, - деди Макешов.

Эскерте кетсек, Кабыл Макешов кыргыз спортунун тарыхы жана спорттук энциклопедиясы баштаган 15 китептин автору болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий