• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жеңил өнөр жай тармагында II кыргыз-корея бизнес форуму өтөт

Экономика 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Бишкекте 9-августта текстиль жана жеңил өнөр жай тармагында II кыргыз-корея бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чара NOVOTEL бизнес борборунда өтөт. Башталышы саат 10:00.

Форумга КР мамлекеттик органдарынын, кореялык жана кыргызстандык алдыңкы текстиль компанияларынын, эки өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Иш-чаранын максаты эки өлкөнүн текстиль өнөр жайын түшүнүүнү бекемдөө, өз ара алмашууга көмөктөшүү жана эки өлкөнүн компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий