• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Баткен" аэропортун атайын техникалар менен камсыздоо маселеси чечилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. "Баткен" аэропортун атайын техникалар менен камсыздоо маселеси чечилүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов иш сапарынын алкагында Баткен" аэропортунун абалы менен таанышып, кызматкерлер менен баарлашкан.

"Баткен" аэропортунун учуп-конуу тилкесин 2023-жылдын май айында толук кандуу кайрадан жасалып ишке берилген. Учурда Бишкек–Баткен–Бишкек багыты боюнча ата мекендик "Тез Жет" авиакомпаниясы жумасына 1 каттам аткарууда.

"Келечекте аталган багыт боюнча каттамдардын жыштыгын көбөйтүү иштери жүргүзүлүүдө. Себеби Баткен облусунун тургундары тарабынан Бишкек–Баткен–Бишкек багыты боюнча суроо талап чоң", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, учурда аталган аэропортко атайын техникаларды токтотуучу жайларды курулууда. Курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

"Ошондой эле, таза суу маселеси да аэропорттогу чоң көйгөйлөрдүн бири эле, быйыл "МЭА" ААК тарабынан аткарыла турган иштердин катарына "Баткен" аэропортунун таза суу көйгөйүн чечүү долбоорун дагы киргиздик. Буга ылайык, аэропорттун аймагынан суу көйгөйүн чечүү үчүн жер астынан суу чыгарылып аэропорт толук кандуу суу менен камсыз болот. Мындан тышкары, даараткана маселеси дагы чоң көйгөйлөрдүн бири эле, учурда жаңы дааратканалар курулуп жатат", - деп кошумчалашты өлкөнүн башкы аба майданынын маалымат кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий