• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жогорку технологиялуу рентгенхирургиялык борбор ачылды

Ден соолук 0


Бишкек, 26.03.24. /Кабар/. Бишкекте Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда Кыргызстандагы биринчи жогорку технологиялуу рентгенхирургиялык борбордун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Борбор оор жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга ыкчам жогорку технологиялык жардам көрсөтүү үчүн толук цикл моделине негизделген “Ыкчам кардиология” программасын ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн.

Борбордун ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Навид Хасан Накви, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Сооронбаев жана медицина кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий