• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри октябрь окуясында жаракат алгандардын абалы менен таанышты

Ден соолук 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын 5-октябрындагы окуялардын кесепетинен жабыркаган бейтаптардан кабар алуу максатында Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, ар кандай жаракат алган 500дөн ашык жабырлануучу медициналык жардам алуу үчүн борборго кайрылышкан, баардыгына керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлгөн.

«Кайрылгандардын көпчүлүгү алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Учурда 15 бейтап дарыланууну улантууда, бир жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө. Динамикада бир аз жакшыруу байкалганына карабастан анын абалы өтө оор деп бааланууда, анын саламаттыгына тынымсыз көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Калган бейтаптардын абалы туруктуу, бардыгы тиешелүү акысыз дарылануудан өтүшүүдө», - деп белгиледи Сабырбек Жумабеков.

Иш сапардын жыйынтыгында министр жабыркагандарга бардык зарыл болгон медициналык жардамдарды көрсөтүүнү, керек болсо тиешелүү адистердин консультацияларын уюштурууну тапшырды.

Эске салсак, саламаттыкты сактоо уюмунда 1 миң 250 жабырлануучу медициналык жардам сурап кайрылып, анын ичинен 279 адам ооруканага жаткырылган. Бүгүнкү күндө 20 жабырлануучуга акысыз медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий