• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Бишкекте жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-августта саат 14:29 чамасында Свердлов районундагы Ч.Валиханов (Чолпон-Ата) жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде “Субару Легаси” жана “Мерседес Бенц Гигант” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен жеринде 1 эркек киши, ооруканадан 2 киши каза болгон, 2 адам жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда). Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий