• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштери уланууда – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жашар Н.Б. аттуу бала чөгүп кеткен. Буга чейин жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык бере элек.

Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 07:30да жалпы 18 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий