• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жоогазындар гүлдөй баштады (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Борбор калаанын гүлзарларында жоогазындар гүдөй баштады, алар өткөн жылдын күзүндө “Бишкекжашылхоз” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан тигилген.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, гүлдөр түстөрүнүн жана сортунун ар түрдүүлүгү менен шаардыктарды кубандырат.

“Бул жылы жалпысынан 130 миң жоогазын тигилген”,-деп айтылат маалыматта.

Ведомство өткөн жылы жазында шаардыктарга жоогазындардын ачылганы онлайн түрүндө көрсөтүлгөнүн эске салды. “Бактыга жараша бул жылы санитардык талаптарды аткаруу менен гүлдөрдү өз көзүбүз менен көрүүгө болот”,-деп кошумчалашты муниципалитеттен.

“Урматтуу шаардыктар! Гүлдөргө, шаарга этияттык менен мамиле кылууга чакырабыз. Уурдоого шектүүлөрдү “102” номери аркылуу милицияга билдириңиздер”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий