• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жылуулук мезгилин өткөрүүнү райондук акимиаттар көзөмөлдөйт – мэрия

Коом 0

Бишкек, 14.11.18 /Кабар/. Бишкек шаарында күз-кыш мезгилин жакшы өткөрүү райондук акимиаттардын көзөмөлүндө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун жыйындар залында аким Ренат Айтымбетовдун катышуусунда күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү.

Райондук штабдын тизмегине Түндүкэлектрдин, Чыгыш РЭСтин, Октябрь районунун билим берүү борборунун, социалдык өнүгүү башкармалыгынын, “Бишкекжылуулукэнерго”, “Бишкекжылуулуктармагынын”, Бишкек шаардык мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери кирет.

Маалым болгондой, шаар тургундары арасында коммуналдык кызматтар боюнча дебитордук карыздарды өз убагында төлөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий