• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги 12 оорукана коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алууда

COVID - 19 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. Бишкекте коронавирус инфекциясы жана пневмония менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн 1 151 койко-орунга ылайыкташкан 12 оорукана иштеп жатат.

Республикалык штабдан билдиришкендей, 30-ноябрда саат 20:00гө карата алынган маалымат жалпы 12 ооруканада 1 151 койко-орун даярдалып, 854 бейтап медициналык жардам алууда. Дагы 297 бош койко-орун бар.

“118” ыкчам номерине жалпы 8 миң 104 кайрылуу болуп, анын ичинен 4 миң 544 кайрылуу коронавирус инфекциясы менен байланыштуу болгон.

Эскерте кетсек, коронавирус боюнча калкка медициналык ыкчам кеңеш берүү үчүн 2020-жылдын 10-октябрынан баштап "118" ыкчам номеринин иши кайра жандандырылган.

Пикир

Оставить комментарий