• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги 16 мектепте “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу электрондук күндөлүк киргизилүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Бишкектеги 16 мектепте “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу электрондук күндөлүк киргизилүүдө

Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоор шаардагы бала бакчалардын жана мектептердин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты санарип форматта алуу үчүн Билим берүү департаментин санариптештирүүнүн алкагында пилоттук режимде ишке кирүүдө. Ошондой эле бул кагаз колдонууну азайтат.

Ошентип, пилоттук долбоор шаардын №2, 13, 42, 50, 55, 57, 58, 68, 72, 74, 77, 79, 80, 93, 97, 102 мектептеринде ишке киргизилүүдө.

“Эми ата-энелер жана балдар бекер “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу сабактардын графигин, үй тапшырмаларын, жетишкендиктерин жана катышуу рекорддорун көрө алышат. Мындай пилоттук долбоор “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыгып, борбор калаанын Ленин районунун айрым билим берүү мекемелеринде өтүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эгер жыйынтык ийгиликтүү болсо, долбоорду андан ары өнүктүрүү жана башка мектептерге жайылтуу жагы каралууда.

Пикир

Оставить комментарий