• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

ИИМ: Караколдо инновациялык технологиялар боюнча эксперттердин аймактык кеңешмеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Каракол шаарында учкучсуз учуучу аппараттар жана инновациялык технологиялар боюнча эксперттердин аймактык кеңешмеси өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов, БУУ БКБнын Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлү А.Миталл айым, БУУ БКБнын Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин жетекчиси А.Селезнев, Казакстандан, Өзбекстандан, Россиядан, Беларустан келген делегациялар, улуттук мамлекеттик органдар жана Борбордук Азиядагы аймактык маалыматтык координациялык борборунун өкүлдөрү катышты.

Биринчи күнү Инновациялык жабдуулардын технологияларынын көргөзмөсү жана КР Ички иштер министрлигинин Кызмат техникалык жабдуулардын көргөзмө аземи болуп өттү.

"Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу тоолуу аймактарда жапайы кара куурайдын өсүшүнө ыкчам чара көрүү жана байкоо жүргүзүүгө жана тийиштүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет", - деп белгиледи кызматтын башчысы Уланбек Султанов.

Андан ары, делегациялар жер-жерлерде учкучсуз учактарды жана инновациялык технологияларды практикалык колдонуу менен таанышышты.

Жолугушуунун алкагында Өзбекстандын министрлер кабинетинин алдындагы Баңгизаттарды контролдоо боюнча улуттук маалыматтык-аналитикалык борбордун директору Нарзуллаев Олим башында турган Өзбекстандын делегациясы менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий