• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кызыл-Кыяда балдары менен тилемчилик кылып жүргөн 10 жаран аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында балдары менен тилемчилик кылып жүргөн 10 адам аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайк, 10-11-август күндөрү Кызыл-Кыя ШИИБнин балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору жайкы каникул убагында кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында “Өспүрүм-тилемчи” аталышындагы иш-чара өткөрдү.

Кызыл-Кыя шаар аймагында жайгашкан “Таштемир-Ажы” борбордук базарын текшерүүгө алганда Ош шаарынан келген лөлү улутундагы 10 жаран жаш балдары менен кайыр-тилемчилик кылып жүргөнү аныкталды. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайрадан жашаган жерине жөнөтүлдү.

Ал эми иш-чаранын жүрүшүндө жаш балдарды кароосуз калтырган 3 факты аныкталып, КР Укук бузуулар кодексинин 102-беренесинин (ата-энелик милдеттерден качуу) негизинде ата-энелерине протоколдор толтурулуп, айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий