• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда жыл башынан тарта азык-түлүктүн баасы 12,6%га кымбаттады

Экономика 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 9,6 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Муну менен бирге алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 12,9 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 12,6 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга баалар 5,6 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 4,9 пайызга өстү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык аймактарында белгиленди.

Муну менен бирге баалардын (14,4 пайызга) максималдуу өсүшү Нарын облусунда белгиленди. Буга себеп, башка аймактарга салыштырмалуу алкоголдук суусундуктар жана тамеки заттарга болгон баалардын өсүшү (27,1 пайызга) болду.

Пикир

Оставить комментарий