• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги мектептердин биринде ачык асман алдындагы музей пайда болду

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Бишкектеги №79 мектептин аймагында ачык асман алдындагы чакан музей пайда болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тарых мугалими Астра Мүсүралиеванын демилгеси менен Чүй облусунун Токмок шаарынан табылган Караханиддер дооруна таандык балбал мектептин короосуна орнотулду.

Иш-чара мектептин окуучулары тарабынан даярдалган концерт менен коштолуп, анын алкагында улуттук оюндар, фольклордук спектаклдер, ошондой эле чыгаан тарыхый инсандардын өмүр жолунан театрлаштырылган оюн-зооктор уюштурулду.

Ошондой эле мектеп администрациясы тарабынан «Мекенибиздин тарыхынын барактары» деген темада дубал гезиттердин кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий