• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Аламүдүн базарынын айланасы иретке келтирилет

Коом 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Аламүдүн базарынын айланасында унаалардын кыймылын иретке келтирүү схемасын иштеп чыкты.

Муниципалитеттен белгилешкендей, Аламүдүн базарынын жанындагы (түштүк тарап) Жибек Жолу проспектисиндеги аялдама комплексин Буденный көчөсүнөн чыгыш тарапка Жибек-Жолу боюнча унаа токтотууга тыюу салган жол белгилерин кайра куруу менен Курманжан Датка көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейин көчүрүү пландалууда:

- Курманжан Датка көчөсү боюнча Салиева көчөсүнөн Жибек Жолуна чейин унаа токтотууга тыюу салган жол белгилерин орнотуу;

- Унаалардын чыгыштан батышка жана батыштан чыгышка карай М.Жалил көчөсү боюнча Буденный көчөсүнөн Курманжан Даткага чейинки жол белгилерин кайра куруу менен кыймылын өзгөртүү;

- Жол белгилерин өзгөртүп түзүү менен Жибек Жолу проспектисинин батыш тарабындагы Жибек Жолуна (түндүк-батыш тарабы) аялдама комплексин көчүрүү;

- Курманжан Датка көчөсүндө Жибек Жолу проспектисинен Куликов көчөсүнө чейин (эки тарапка) унаа токтошуна тыюу салган жол белгилерин орнотуу.

Пикир

Оставить комментарий