• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги "Аска-Таш" комплексинде 60 капка жакын таштанды чогултулду

Коом 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. "Аска-Таш" кире бериш комплексинин жанаша жайгашкан аймагында тазалык акциясы өткөрүлдү, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Акцияга Биринчи май районунун акимиты, "Тазалык" ишканасы, "Жаратылыш менин үйүм" коомдук уюмунун ыктыярчылары катышты.

60 капка жакын таштанды чогултулду. Тазалоочу жабдуулар Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын жана "Шоро" компаниясынын колдоосу менен "Эко Деми" коомдук фондунун "Жер Эне" долбоору тарабынан берилди.

Мындай эко-иш-чараларды Бишкектин бардык райондорунда өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий