• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Суу шаарында заманбап 17 аялдама курулат

Аймак 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Кара-Суу шаарында заманбап 17 аялдама курулат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президентттин өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Суу шаарына болгон иш-сапарында шаарды кыдырып, шаарды жана мекеме-ишканалардын айланасын иретке келтирүү, аялдамаларды жаңыртуу, жергиликтүү тургундарга шарт түзүү, кийинки жылга жашыл зоналардын ордун даярдоо тапшырмасын берген.

Ошол тапшырманын негизинде шаар мэри Арстанбек Жолдошов аялдама, тратуар, ички көчөлөрдү, парк жана башка мекеме-ишканалардын айланасын оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүүдө.

Учурда эски аялдамаларды бузуу менен биргеликте мыйзамсыз курулуштардан арылуу иштери аткарылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий