• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Улан Жусупов Англияда кыргызстандыктар иштеп жаткан фермаларга барды

Коом 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын Уулу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы элчиси Улан Жусупов Англияда сезондук иштерге тартылган кыргызстандыктар иштеп жаткан фермаларга барды.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, Улан Жусуповду Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер коштоп барды.

Аталган жумушчу сапардын алгагында эки өлкөнүн элчилери Кыргызстандын жарандарынын жумушчу, тиричилик жана жашоо шарттары, ошондой эле коопсуздук эрежелерин сакталышы менен таанышып, түшүмдү жыйноо жана иреттөө жерлерин карап чыгышты.

Британиялык тарап Кыргызстандан келген жумушчулардын артыкчылыктарын, алардын ичинде эмгекчилигин, жоопкерчилигин, адамдык сапаттарын жана миграциялык эрежелерин так сактоону белгилешти. Мындай баа Кыргызстан үчүн эмгек квотасынын жогорулатуусуна позитивдик таасир берет.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн дипломаттары фермердик чарбалардын ээлери жана "Hops" британиялык оператору менен жолугушууларды өткөрүп, анын жыйынтыгы менен элчи Жусупов Кыргызстан жана Британиянын фермердик чарбаларынын ортосундагы кызматташтыкты түзүү, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, өндүрүүнү уюштуруу, сактоо, сорттоо жана таңгактоо жаатында британдык тажрыйбаны киргизүү боюнча долбоорду ишке ашырууну сунуштады.

Британия тарап бул сунушту, сезондук жумушчулар боюнча атайын программасынын алкагында К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин студенттери үчүн айыл чарба практикасын уюштуруу менен бирге карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилигинин көмөгү менен КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун жана британиялык ARGI-HR, Proforce, "Fruitful" жана "Hops" операторлорунун ортосунда Улуу Британияда айыл чарба тармагында сезондук жумуштарга жарандарды уюшкан түрдө тартуу жана ишке орноштуруу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлган.

Аталган келишимдерге ылайык, Кыргызстандын 18 жаштан 46 жашка чейинки жарандарына Улуу Британиянын (Ирландия, Шотландия, Уэльс жана Англиянын) айыл чарба фермаларында келишимдер аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтып келүү милдети менен бирге мүмкүнчүлүгү түзүлүп берилди.

Британия өкмөтүнүн 2023-жылга Кыргызстан үчүн квотасы 8 миң сезондук жумушчуну түзөт.

Пикир

Оставить комментарий