• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги эки жеке мектепте бомба изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Бишкекте бүгүн болжол менен саат 12лер чамасында «ERUDITE ISIT» жана «Газпром» жеке мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

“Кабар” агенттигине Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, жерине РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барып, мектеп милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.

Мектеп кызматкерлери жана окуучулар эвакуацияланды.

Учурда тиешелүү кызматтардын кызматкерлери жеринде иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий