• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Ленин районунда 66 ишкананын 21и гана иштеп жатат — аким

Коом 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Бишкектеги Ленин районунда 66 ишкананын 21и гана иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Бишкек шаарынын Ленин районунун администрациясынын башчысы Токтосун Султанов билдирди.

Район акиминин айтуусуна караганда, апрель айынын аягына карата Бишкек эркин экономикалык (БЭЭ) аймагында 40 ишкер адам, 26 ишкана иштеп жатат.

"Муниципалдык администрация экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү максатында Салык кызматы менен биргеликте учурди иш алып барууда. Ленин райондук администрациясынын буйругу менен Салык кызматынын, Ички иштер башкармалыгынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин арасында атайын 6 мобилдүү топ түзүлгөн. Учурда алар тартипке ылайык, чарча субъектилеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу, көмөк көрсөтүү иштерин жүргүзүп жатат", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий