• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Табигый кырсыктардан 3864 кожолук жана 1122 га чарба үлүш жерлери корголду

Коом 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

1) Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2020-жылга карата болжолдуу-планы 41 объектте иш мерчемделип, 4 ай ичинде 17 объектте жумуш жүргүзүлгөн.Натыйжада биринчи багыт боюнча 7 объект пайдаланууга берилип, 1314 кожолук жана 602 га айыл чарба аянттары корголду, ошондой эле 2 көпүрө, 4 шпора, 388 пм дамба жана 285 метр сел өткөрүлүүчү канал курулду.

2) Ал эми алдын алуунун экинчи багыты - “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2020-жылдагы Болжолдуу-планына 312 объект киргизилип, 4 ай ичинде республика боюнча 63 обьекте иш-чаралар жүргүзүлүп, 55 объектиде иш бүткөн жана 8 объектиде иштер улантылууда. Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 2550 кожолуктун жана 520 га чарба үлүш жерлерди, 2 мектеп, 1 бала бакча, 3 ФАП, 3 мечит, 1 устакана корголду.

Жалпысынан 353 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 80 объектиде жумуш жүрүп, 62 объектиде жумуштар бүткөн. Натыйжада жалпысынан 3864 кожолук жана 1122 га чарба үлүш жерлери, 2 мектеп, 1 бала бакча, 3 ФАП, 3 мечит, 1 устакана корголуп жана 2 көпүрө, 4 шпора, 388 пм дамба, 285 метр сел өткөрүлүүчү канал курулду.

Эскерте кетсек, буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу иштери солгундалбашын тиешелүү башкармалыктын жетекчилерине тапшырма берген. Мерчемделген объектилердин арасынан эң оорчунду жана кечиктирилгис зарылчылыгы бар объектилерде жумуш жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий