• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайларда электромобиль кубаттоочу станциялар орнотулат

Коом 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Бишкектеги муниципалдык унаа токтоочу жайларда электромобилдерди кубаттоочу станциялар орнотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик ишканасы Бишкекте кубаттоочу түзүлүштөрдү жайгаштыруу үчүн 10 жерге уруксат берүү документтерин иштеп чыкты.

Ишкананын башкы инженери Махабат Шамбетова Бишкек мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти министрликтердин, ведомстволордун жана өкүлдөрү менен биргеликте кубаттоочу станцияларды өндүрүүчүлөр менен таанышууну улантууда.

"Учурда катышуучулардын тизмеси аныкталып, өтүнмөлөрдүн ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүлүп, долбоорду ишке ашыруу боюнча жол картасы бекитилди. Биринчи этапта “Бишкекбашкыархитектура” ишканасы шаардын муниципалдык унаа токтотуучу жайларында электромобилдер үчүн кубаттоочу станцияларды жайгаштырууга жана электр менен жабдууга уруксат берүүчү документтерди иштеп чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү Бишкек мэриясынын аймагында алгачкы эки электр кубаттоочу станция орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий