• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ делегациясы Индияда ШКУ өлкөлөрүнүн укук коргоо жетекчилеринин жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги кечээ, 13-апрелде Нью-Делиде ШКУга мүчө-мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин 13-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Индиянын Баңгизаттарды көзөмөлдөө бюросунун башкы директору С.Прадхан, Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин баңги кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги Х.Имажанов, Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин баңгизаттарына каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Ма Яньчун, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын начальниги У. Султанов, Пакистандын баңгизатка каршы күчтөрүнүн начальниги А.Малик, Россия ИИМдин Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын орун басары К.Смуров жана Өзбекстандын баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча улуттук маалымат-аналитикалык борборунун директору О.Нарзуллаев катышты.

Отурумдун жүрүшүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердеги баңги кырдаалынын актуалдуу маселелери жана афган баңги коркунучуна, синтетикалык баңгизаттарга, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, электрондук төлөм системаларын жана криптовалюталарды баңги кылмыштарында колдонууга каршы күрөшүү боюнча практикалык кызматташууну күчөтүү боюнча чаралар, ошондой эле баңгичиликтин алдын алуу жана баңгизат колдонгондорду дарылоо маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий