• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги «Ред центрдин» жанындагы унаа токтотуучу жайдын ордунда жашыл аянт пайда болду

Коом 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Бишкекте «Ред центр» соода-оюн-зоок комплексине жакын жайгашкан унаа токтотуучу жайдын ордунда жашыл аймак пайда болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жашыл аймак «Ред центр» соода-оюн-зоок комплексинин жанындагы жашыл аянт акырындык менен автоунааларга толуп, бара-бара унаа токтотуучу жайга айлана баштаган.

“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тилкени ыкчам карап чыгышып, “жашыл” аянт кылууну чечишкен. Азыркы учурда брусчаткаларды коюп, тегиздешип, дарактарды отуругузулуп, газон себилди”,-деп айтылат маалыматта.

Башаламан унаа токтотуучу жайга 23 туя жана 6 кайың отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий