• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

COVID-19. Район акимдери эмдөө пункттарын текшерүүдө — Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунун башчысы Мурат Осмонов соода борборлорунда жайгашкан эмдөө пункттарынын иши менен таанышты.

Мэриядан билдиришкендей, Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев дагы эмдөө пункттарына барды.

Маалыматк ылайык, эмдөөдөн өткөндөр жөнүндө маалымат бирдиктүү маалыматтык ресурска киргизилип, алардын ден соолугунун абалы райондук ыкчам топ тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда Кыргызстанга Кытайдын "Синофарм "вакцинасынын 1 млн 250 миң дозасы келген. Анын 240 миң дозасы борборго бөлүнгөн. Шаардыктарга ыңгайлуу болуш үчүн, үй-бүлөлүк медицина борборлорунан тышкары, соода борборлорунда эмдөө пункттары дагы иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий