• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунда каналдар курулуп, оңдоп-түзөөдөн өтүп, сугат сууну жеткирүү жакшырды

Коом 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) ишке ашырып келген КР министрлер кабинети, Ислам өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фонду тарабынан каржыланган “Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чүй облусунда сугат тармагынын өнүгүүсүнө багытталган 4 чакан долбоор ишке ашырылды. Бул тууралуу АРИСтен билдирди.

Тактап айтсак, Панфилов районунда «Сай» жана «Люцерна» каналдары курулуп, оңдолду.

«Сай» каналынын узундугу 6,7 чакырым, сугарылчу жердин аянты 2654 гектер. Канал Курама айыл аймагын камтыйт жана андан Панфилов районундагы эки суу сактагыч кубатталып турат. Ал эми «Люцерна» каналынын узундугу 9 чакырым, сугарылчу жердин аянты 1000 га, ал Панфилов районунун Чалдыбар айыл аймагын камтыйт», - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Жайыл районунун Кара-Балта дарыясындагы тазалоочу жай ремонттолду. Бул жерде суу дарбазасынын узундугу – 200 метр, сугарылчу жердин аянты 250 га короо тилкелери жана 500 га айыл чарба тилкелери. Сосновка айыл аймагынын аянтын камтыйт.

Ошондой эле Кемин районунда «Р-1, Р-2, Р-3» каналдары курулууда. Алардын узундугу 12,9 чакырым. Сугарылчу жердин аянты 2600 га.

Каналдардын негизги көйгөйү - сугат сууну берүүдө чоң жоготуулар болчу.

“Айылдарды туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун координатору Улан Кафар бул маселени чечүү үчүн, суу дарбазасында бетондоо иштер жүргүзүлгөнүн билдирди. “Дарыяда суу ташкындаган сайын, шпора бузулуп, аны кайра-кайра калыбына келтирүү зарылдыгы бар эле. Аны оңдоо учурунда сууну берүү токтотулуп, өсүмдүктөр суусуз калчу. Эми, бул көйгөй чечилди”, - деди ал.

Чарбалар ортосундагы каналдардын калыбына келтирилиши дыйкандар үчүн түшүмдү жогорулатууга шарт түздү. Мисалы, оңдоого чейин “Сай” каналынан аккан суунун жоготуусу 50 пайызды түзсө, эми, суунун жоготуусу эң көп дегенде 0,2% болууда.

Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келген «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун максаты - жакырчылыкты жоюу.

Пикир

Оставить комментарий