• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги "Россия" бизнес борборунан жашыруун алмашуу бюросу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Бишкектеги "Россия" бизнес борборунан жашыруун алмашуу бюросу аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө акча каражаттарын системалуу түрдө криптовалюталар аркылуу адалдоо боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Тактап айтканда, "Россия" бизнес борборунда жашыруун алмашуу бюросун, акча алмаштырууну/жөнөтүүнү (криптовалюта сатып алуу) уюштуруп жүргөн Кыргызстан менен Россиянын жарандары аныкталды.

Жогорудагы фактылар боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин ("Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)") негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында айрым жарандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тиешелүү кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий