• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксы районунда дагы эки жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу жана Авлетим айыл аймактарында эки жаңы мектеп пайдаланууга берилди.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында аталган мектептердин ачылыш аземине катышты.

Алсак, Кара-Суу айыл аймагындагы №56 К.Кулназаров орто мектебинин 150 орунга ылайыкташкан, эки кабаттуу заманбап мектептин курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 43 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.

Ал эми Авлетим айыл аймагында жайгашкан № 25 К.Алымкулов атындагы мектептин жаңы имаратын курууга 66 млн сом каралган. Аталган мектептин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, эки кабаттуу окуу имараты 225 орунга ылайыкташкан.

Иш-чарада өлкө келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин айткан Нурланбек Шакиев: “Мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы мектептер, бала бакчалар, түрдүү социалдык мекемелер салынууда. Бүгүнкү ачылып жаткан окуу имараттары да мунун анык мисалы. Мындан ары өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган ушундай алгылыктуу кадамдар улантылып, ири долбоорлор ишке ашырылат. Алсак, кийинки жылы Мукур айылынан Кербен шаарына чейинки жолду жаңылоо пландалууда”, – деди.

Кошумчалай кетсек, Нурланбек Шакиевди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тармактык жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий