• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу. Долбоор финансылык моделин чечүү этабында

Коом 0


Бишкек, 06.10.23./Кабар/. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоору финансылык моделин чечүү этабына келди. Бул боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдор башкармалыгынын башкы адиси Нурказы Маданов “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Ал учурда долбоорду каржылоо кайсы булактан болору каралып жатканын айтты.

Анын айтымында, өткөн жылы Кытай Эл Республикасынан 150 инженер-адис келип, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жүргүзүп кеткен. Учурда долбоордун Кыргызстандын аймагынан өтө турчу маршруту толугу менен аныкталып бүттү.

“Бул Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан берки эң ири долбоорлордун бири. Долбоор ишке ашып калса, жылына 200 миллион доллардын тегерегинде бюджетке салым алып келет”, – дейт Маданов.

Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бул темир жол салынса, үч өлкөнүн Жакынкы Чыгыш, Түштүк Европага барчу жолун дээрлик 900 чакырымга кыскартат.

Пикир

Оставить комментарий