• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги сейил бакка илбирстин айкели тургузулду

Коом 0

Бишкек, 21.08.17. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Жаштар сейил багында Ак илбирстин айкелин ачуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, аземге КРнын биринчи вице-премьер министри Мухамметкалый Абулгазиев, вице-мэр Айгул Рыскулова, Кыргызстандын Жаратылышты коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов жана шаар тургундары катышты.

Вице-мэр Айгул Рыскулова өз сөзүндө, илбирстин сүрөтү Кыргызстандын желегинде жана гербинде түшүрүлгөндүгүн баса белгиледи.

Иш чара Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо боюнча Эл аралык форумдун алкагында уюштурулду.

Ак илбирсти коргоо форуму Бишкекте 24-25-августка чейин өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий