• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги “Сетунь” бала бакчасын реконструкциялоо иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 12.11.22. /Кабар/. Бишкектеги Нарвская көчөсү, 74 дарегиндеги “Сетунь” бала бакчасын реконструкциялоо боюнча иштерди башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бала бакчада капиталдык оңдоо иштери менен бирге кайра пландаштыруу жүргүзүлөт.

Мектепке чейинки мекеменин имараты эки кабаттуу. Жайлардын аянты 1 231 чарчы метрди, ал эми аймактын аянты 0,52 гектарды түзөт.

"Бала бакча 130 балага ылайыкталган. Бакчада ымыркайлар тайпасы кенже тайпа, 2 жогорку тайпа жана 2 мектепке чейинки даярдоо тайпасы болот. Оюн жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары, музыкалык жана гимнастикалык сабактар үчүн өзүнчө бөлмө бар", - деп белгилешти мэриядан.

Муниципалитеттен кошумчалашкандай, мектепке чейинки мекеме бардык көмөкчү бөлмөлөр менен иштелип чыккан: медициналык бөлмөлөр, тамак-аш блогу, кир жуучу жай жана тейлөө бөлмөлөрү.

Ошондой эле аймак көрктөндүрүлүп, ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулат. Ушуга байланыштуу зарыл шарттарды түзүү үчүн бала бакчанын аймагындагы кээ бир бак-дарактарды кыюу жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий