• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги Товарная конушун газдаштыруу ийгиликтүү аяктады

Коом 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. «Газпром Кыргызстан» ордо калаанын Товарная конушуна жаратылыш газын берди. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, борбор шаардын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев, ошондой эле «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө экологиялык кырдаалга жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоого байланыштуу 2023-жылы газдаштыруунун көлөмдөрү кыйла көбөйтүлгөнү белгиленди.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Ак-Тилек, Ак-Тилек-2, Ак-Тилек-Турбаза, Ала-Арча, Жогорку Көк-Жар конуштары, Селекционное айылы жана Новопавловка айылынын 3 тилкеси газдаштырылган.

Жаңы кирип келген жылы жаратылыш газы берилген биринчи калктуу конуш Товарная болду. Район борбор шаарда өткөн кылымдын 50-жылдарында эле түптөлгөн, бирок аны газдаштыруу «Газпром Кыргызстандын» келиши менен гана мүмкүн болду.

Асылжан Масымканова, №6 кварталдык комитеттин төрайымы

«Мында 248 түтүн бар, болжол менен 1000 адам жашайт. Биз районубуздун газдаштырылышын көпкө күттүк, бул арманыбыз ишке ашканына шаардык кеңештин депутаты Кубанычбек Конгантиевге жана «Газпром Кыргызстан» компаниясына ыраазыбыз. Жаратылыш газына жетүү – бул ыңгайлуулук гана эмес, ошондой эле түтүнгө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү».

Куванычбек Конгантиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

«Аталган районду газдаштыруу кыялы тургундарда жарым кылым мурда пайда болгон. Бүгүн биз үчүн чыныгы майрам, анткени кыялыбыз орундалды. Бул жергиликтүү тургундар үчүн чоң бакыт жана шаардыктарга олуттуу колдоо болуп отурат. Түтүн жана экология көйгөйлөрүнө байланышкан акыркы окуялардан улам «Газпром Кыргызстан» компаниясы аларды чечүүдө маанилүү ролду ойнойт.

Жогорку Кызыл-Аскер эми шаардын чет жакасы эмес, анын борборуна айланууда. Мында адамдар жашоо үчүн эң жөнөкөй шарттардын жоктугуна дуушар болбой, ал эми газ баллондорду пайдалануу андан бир топ ыңгайлуу газдаштыруудан артта калат. Бул чындыгында жергиликтүү тургундар үчүн чоң бакыт жана өзүмдүн атымдан "Газпром Кыргызстан" компаниясына ыраазычылыгымды билдирем».

Компаниянын инвестициялык долбоорунун алкагында дээрлик 3 км газ бөлүштүрүүчү тармак курулган. Жакынкы убакта жаратылыш газы «Бакай-Ата», «Төкөлдөш», «Попеновка» калктуу конуштарына, ошондой эле Новопавловка айылынын калган тилкелерине берилет.

Жалпы жонунан 2023-жылы 215 км газ бөлүштүрүүчү тармак курулуп, таза энергоресурсуна 40 миңден ашык адам жеткилик ала алды.

Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев энергетиканы модернизациялоо боюнча стратегиянын контекстинде жаңы райондорду газдаштыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал айлана-чөйрөгө оң таасир тийип жатканын жана калкты ишенимдүү энергоресурс менен камсыздоону да белгиледи. Ал өлкөнүн энергетикалык инфратүзүмүн модернизациялоого кошкон салымы үчүн «Газпром Кыргызстанга» ыраазычылык билдирди.

«Келечекте «Товарная» районунун 230 түтүнү газга кошулгандыктан, болжол менен 900 тонна көмүр жагуудан арылсак болот, демек, бүтүндөй шаардын экологиясын жакшыртууга өбөлгө түзүлөт», - деп өз сөзүндө белгиледи вице-мэр.

Жаратылыш газын колдонуу, айрыкча энергетикалык кризис шарттарында, кара түтүнгө каршы күрөшүүдө маанилүү кадам катары каралат. Эксперттер газ ден соолукка пайдалуу жана жылуулуктун салттуу булактарына жеткиликтүү альтернатива экендигин баса белгилешет. «Газпром Кыргызстан» компаниясынын жетекчилигинин өкүлү 2023-жылдын маалыматтарына ылайык газдаштырылган үйлөрдүн газ отказандарын орнотуу пайызы 35-40%дан 80%га чейин өскөнүн билдирди.

Арзымат Алдаяров, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары

«Өкмөт, мамлекеттик органдар тарабынан көрүлгөн чаралардын жана маркетингдик маалымат кампанияларынын аркасында акыркы мезгилде кожолуктардын газга кошулушу кыйла ылдамдады. Баса белгилей кетчү жагдай, газдаштырылган үйлөрдө отказандарын орнотуу пайызы 35-40%дан 2023-жылы 80%га чейин өскөн. Бул экологияга оң таасирин тийгизет, анткени жаңы кошулуулардын дээрлик 80%ы дароо газ отказанын ишке киргизүүдө».

«Газпром Кыргызстан» иштеп баштаган мезгилден бери 1250 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармак курулуп, 53 конуш газ менен камсыздоонун бирдиктүү системасына кошулган.

Компанияда ошондой эле газ өткөргүчтөрүн ушул темпте – жылына 250дөн 300 чакырымга чейин газ бөлүштүрүүчү тармак курууну улантуу ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий