• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаныш Раимжанов Жалал-Абад мэринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэринин коммуналдык маселелер боюнча орун басары болуп Жаныш Раимжанов дайындалды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койду.

Билими:
2015-2018-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинин "Финансы жана кредит" адистигин аяктаган.
2021-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы башкаруу академиясында билим алган

Эмгек жолу:
2015-2019- жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда жетектөөчү адис.
2019-жылдан ушул күнгө чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенип келе жаткан.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Айбек Жолдошев ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий