• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айбек Молдогазиев Улуу Британия өкмөтүнүн эксперттик тобу менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Улуу Британиянын өкмөтүнүн санкциялар боюнча элчи Ян Фелтон жетектеген эксперттик делегациясы менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эл аралык сооданын маселелери, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Улуу Британиянын санкциялык саясаты боюнча пикир алмашуу орун алды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий