• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектик таэквондочулар эл аралык турнирде 20 медалга ээ болушту

Спорт 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Бишкектик таэквондочулар Казакстандын Алматы шаарында өткөн «Dream Cup Open 2023» эл аралык турниринде 20 медалга ээ болушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 15-17-декабрь күндөрү өткөн олимпиадалык WT таэквондо боюнча мелдешке Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышып, 5 алтын, 4 күмүш жана 11 коло медаль жеңди.

Турнирге Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 1200гө жакын спортчу катышты.

Пикир

Оставить комментарий