• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК: 5 миңден ашуун салык төлөөчү Salyk.kg мобилдик тиркемесин колдонууда

Экономика 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Акыркы эки жумада 5 миңден ашуун салык төлөөчү Salyk.kg мобилдик тиркемесин жүктөп алып, активдүү колдоно баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) билдиришти.

Аталган тиркеме үстүбүздөгү жылдын декабрында ишке кирген.

Мобилдик тиркеме Cabinet.salyk.kg “жеке кабинетинин” веб-версиясында иштеген салык төлөөчүлөр үчүн жеткиликтүү.

Тиркеменин жардамы менен колдонуучулар онлайн режимде төмөнкүлөрдү жүргүзө алышат:
– салыктарды төлөөнү;
– электрондук патентти жана камсыздандыруу полисин тариздөөнү;
– электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен иштөөнү;
– карыздын же ашыкча төлөмдүн бар экендигин текшерүүнү;
– салык отчетторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшырууну;
– салык органдарынан маалымкат алууга суроо-талап жиберүүнү;
– катталган мүлк жөнүндө маалыматтарды алууну.

Белгилей кетсек, Salyk.kg тиркемесин Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий