• 88.68
  • 95
  • 0.95

Экономика министри өкмөттөр аралык жыйынга катышуу үчүн келген Корея делегациясы менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-октябрда КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин улуттук залында министр Данияр Амангелдиев кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынына катышуу үчүн келген Корея Республикасынын экономикалык маселелер боюнча тышкы иштер министринин орун басары Ли Сонг Хо башында турган делегация менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар Бишкек шаарында боло турган кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйынынын алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Анын жүрүшүндө экономика министри Амангелдиев Кыргызстан Кореяны экономикалык өнүктүрүүдө стратегиялык өнөктөш катары карай турганын белгиледи.

Ошондой эле ал Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын потенциалы чоң келечекке ээ экенин, бирок бүгүнкү күндө 100 миллион доллардын чегинде өзгөрүп турган соода деңгээлинин төмөндүгүн айтуу керектигин белгиледи. “Эки тараптуу сооданын көлөмү эки өлкөнүн мүмкүнчүлүгүнө дал келбейт жана тараптар өз ара экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча ишти күчөтүшү керек. Буга байланыштуу экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты иш жүзүндө өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоого чоң маани берүүнү жана Кыргызстандын аймагында кыргыз-корей биргелешкен ишканаларын түзүүнү кароону сунуштайм”, - деди министр.

Өз кезегинде Ли Сонг Хо министрликтин атынан жана жеке өзүнүн атынан министр Д.Амангелдиевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы ийгиликтерди каалап, алдыда боло турган кыргыз-кореянын өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жолугушуусу эки өлкөнүн мамилесин курууга жана тереңдетүүгө жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча так милдеттерди аныктоого мүмкүндүк берерин белгиледи.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-октябрда Бишкекте кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйыны өтөт.

Пикир

Оставить комментарий