• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эр-Риядда Кыргызстан жана Сауд Аравиянын маданият күндөрүн өткөрүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов аталган өлкөнүн маданият министринин орун басары Фахад Аль-Канаан менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 19-декабрда Эр-Рияд шаарында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар Кыргыз Республикасы жана Сауд Арабиянын маданият күндөрүн өз ара өткөрүү, ошондой эле чыгармачыл делегациялар менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

"Тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда маданият тармагында кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюуну тездетүүгө эки тараптын тең кызыкдар экенин ырасташты", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда элчи У.Марипов Фахад Аль-Канаанды Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий