• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркиядагы жер титирөө. Баткен шаары Малатьяга акчалай жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Баткен шаары Түркиянын боордош Малатья шаарына акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Малатья шаарынын мэринин кеңешчиси Хамит Озполат менен жолугушуп, чогулган каражаттардын которулгандыгын тастыктаган сертификат тапшырды.

Өз кезегинде, Хамит Озполат кыргыз тарапка Түркия үчүн оор мезгилде көрсөткөн колдоосу жана жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюуда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуунун перспективдүү багыттарын талкуулашты жана аны арттыруу боюнча 2024-жылга биргелешкен пландарды белгилешти.

Белгилей кетсек, Баткен шаардык мэриясынын кайрымдуулук акциясынын жыйынтыгында 4 миң 480 АКШ доллары чогултулду. Бардык каражаттар Малатья шаардык мэриясынын эсебине которулду.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 6-февралында таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келген.

Пикир

Оставить комментарий