• 88.68
  • 95
  • 0.95

МСК: Salyk.kg мобилдик тиркемесине Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу кирүүгө болот

Экономика 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Эми Salyk.kg мобилдик тиркемеге Бирдиктүү идентификациялоо системасы (БИС) аркылуу кирүүгө болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) билдиришти.

Колдонуучу Salyk.kg мобилдик тиркемеде БИС аркылуу кирүү үчүн "БИС аркылуу кирүү" тандап, андан кийин логинди жана паролду киргизиши керек. Андан кийин ырастоо процедурасынан өтүп, акырында 4 орундуу ЖИН түзүшү керек.

Эскерте кетсек, Салык кызматы Salyk.kg мобилдик тиркемесин ишке киргизген.

Тиркеменин жардамы менен колдонуучулар онлайн режимде төмөнкүлөрдү жүргүзө алышат:

– салыктарды төлөөнү;
– электрондук патентти жана камсыздандыруу полисин тариздөөнү;
– электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен иштөөнү;
– карыздын же ашыкча төлөмдүн бар экендигин текшерүүнү;
– салык отчетторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшырууну;
– салык органдарынан маалымкат алууга суроо-талап жиберүүнү;
– катталган мүлк жөнүндө маалыматтарды алууну.

Сервис КР президентинин "Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформацияны мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорун ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле ишкерлердин салык органдары менен өз ара аракеттенүү процессин жөнөкөйлөтүү максатында ишке киргизилген.

Салык кызматы электрондук салык кызматтарын жакшыртуу жана жөнөкөйлөтүү боюнча иштерди улантат.

Пикир

Оставить комментарий