• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин 11-кичирайонундагы гараждын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот

Коом 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Бишкектин 11-кичирайонундагы гараждын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай жана сейил багы пайда болот. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 11 гектарды камтыган жерде тартип орнотулат.

“Кичирайондун тургундары коопсуз сейилдеп, таза абада убакыт өткөрө алышы үчүн сейил багы дагы жайгаштырылат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-мартта, борбор калаанын 11-кичирайонундагы гараждар алынган.

Пикир

Оставить комментарий