• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин айрым райондорунда 3-майдан 7-майга чейин газ берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 30.04.21 /Кабар/. Бишкектин айрым райондорунда 3-майдан 7-майга жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчтө газдын сызылып чыгуусун токтотуу жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөгү оңдоо-калыбына келтирүү иштерин өткөрүү максатында Бишкек шаарынын төмөнкү райондорунда жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотулат:

  • 3-майдан 4-майга чейин Элебаев көчөсү, Садовый кыска көчөсү, Карасаев көчөсү, Гранитный кыска көчөрлөрүнүн кесилишкен аймагы өчүрүлөт;
  • 3-майдан 7-майга чейин «Красный Строитель» жаңы конушу өчүрүлөт.

Техника коопсуздугунун талаптарына ылайык, оңдоо-калыбына келтирүү жана сызылып чыккан газды токтотуу иштери орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрдү өчүрүү менен коштолмокчу.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн колдонуучулардан кечирим сурайт. Биз жаратылыш газын коопсуз, ыңгайлуу жана жеткиликтүү колдонуу үчүн баардык иш аракеттерди жумшайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий