• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин айрым жерлеринде беш күн катары менен газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде беш күн катары менен газ болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын Осмонкул менен Древесной көчөлөрүнүн кесилишиндеги түтүктөрдөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Мындан улам “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы да ысык суу жана жылуулукту берүүнү 15-19-ноябрда токтотот.

№21 мектеп-интернатынын отказандары жана “Красный строитель” конушунда жылуулук өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий